Ысык-Көл облусунда кызмат өтөп жаткан Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери коомдук жайда тартип бузган жаранды кармашты.
Маалыматка ылайык, жаран айланадагыларга, анын ичинде аялдарга карата адепсиз сөздөрдү айтып, коомдук тартипти бузган.
Учурда кармалган жаран тиешелүү чараларды көрүү үчүн Чолпон-Ата шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.