Биз социалдык тармакта

Боом капчыгайында эки жеңил унаа сүзүшүп, бирөө оодарылып кетти (видео)

Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, эки жеңил унаа сүзүштү. Кырсыкка Toyota Matrix жана Toyota Camry үлгүсүндөгү унаалар кабылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, кагылышуунун кесепетинен унаалардын бири аңтарылып кеткен.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 11-июль күнү эртең менен болгон. Кырсыктан кийин эки унаанын тең айдоочулары жана жүргүнчүлөрү медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылышкан.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Боом капчыгайында эки жеңил унаа кагышып, бирөө аңтарылып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан