Бишкекте Ден Сяопин көчөсүндө чет элдик номурлуу унаасын тротуар менен айдаган Кытай жараны жоопкерчиликке тартылды. Эскерте кетсек, бул жол эрежелерин бузуу фактысы тартылган видео интернет желесине тарады.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуга протокол түзүлүп, ага жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери кытай тилинде жүргүзүлгөнү боюнча маалымат берди.
Айдоочу кылган иши туура эмес экендигин белгилеп, кечирим сурады.