Ат-Башы районунда сел агызган унаанын айдоочусу аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сел Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан жүргөн. Турак жайлар зыян тарткан эмес.
Жеринде куткаруучулар, ички иштер органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлер тиешелүү иштерди алып барышкан.