Манас шаарында чыккан жаңжал боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда чет элдик жарандар Л.Ю., Л.Ч. жана Ч.Ц. милицияга жеткирилип, өлкөдө мыйзамдуу же мыйзамсыз жүргөндүгү жана окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Буга чейин социалдык тармактарда чет элдик жарандардын жаңжалдашкан видеосу тараган. Аны Сузак районунун тургуну видеого тартып, интернетке жарыялаган.