Бишкекте алдамчылыкка шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр май айында чала таанышын Бишкектен жер тилкесин сатып алууга көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен алдап кеткен. Жабырлануучу 15 миң доллар зыян тарткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу дагы 3 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталууда.