Бишкекте автобус айдоочусуна кол салган жеңил унаанын 30 жаштагы айдоочусу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде болгон. Шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен административдик протокол түзүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.