Бүтүрүүчүлөрүнүн 30 пайызын иш менен камсыз кылууга ЖОЖдорду милдеттендире турган мыйзам колдоо таппай калды

Кыргызстанда бүтүрүүчүлөрүнүн 30 пайызын иш менен камсыз кылууга жогорку окуу жайларын милдеттендире турган мыйзам 29-январда парламентте колдоо таппай калды. Мыйзам жогорудагы талап аткарылбаса ректорлордун жоопкерчилигин карап, окуу жайды лицензиядан ажыратууга жол ачмак. Демилгечи депутат Бакыт Төрөбаев “ушундай кылсак билим берүүнүн сапаты өсмөк. Ректорлор да кайсы адистиктеги кадрларды көп даярдасам иш менен камсыздай алам?” деп ойлоно баштайт болчу” деп билдирди.

Бирок ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети мыйзамда кемчиликтер бар экенин айтып, депутаттарды мыйзамды колдобоого чакырды. Добуш берүүдө мыйзам өтпөй калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан