Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдөгү кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларда тазалоочу курулмалар боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.
Башкы прокуратура билдиргендей, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичине курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү шаар куруу корутундулары мыйзамсыз берилген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан