Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Пакистан соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп бере алат

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, тийиштүү документке былтыр 4-декабрда президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган.
Макулдашуу соттолгон адамдарды алардын жарандыгы болгон мамлекетке өткөрүп берүү аркылуу жазасын андан ары өз мекенинде өтөөсүнө укуктук негиз түзөт.
Учурда Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде Пакистандын 18 жараны жазасын өтөп жатат.
Документке ылайык, белгиленген тартипте жаза мөөнөтүн андан ары өз жарандыгы болгон мамлекетте өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан