Социалдык тармактарда чет элдик жарандын канаттууларды кармап жаткан видеосу тарагандан кийин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Анын жыйынтыгында видеодо көрүнгөн чет элдик жарандын өздүгү аныкталып, ал Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп, бардык жагдайлар такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында чет элдик жарандын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилери маалымдалды.