Кочкор-Ата шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу тартылган видеолор социалдык тармактарда кеңири тарады.
Кадрларда көчөлөрдү сел суулары каптап, айрым аймактарда суунун деңгээли көтөрүлгөнү көрүнөт.
Учурда селден келтирилген чыгымдар, жабыркагандар жана кырдаал боюнча расмий маалымат бериле элек. Тиешелүү кызматтардын маалыматы күтүлүүдө.