Бишкекте автобуста аялга кол көтөргөнгө шектүү адам камакка алынды. Шаардык милиция окуя 13-июлда, саат 18:30 чамасында катталганын билдирди.
Милицияга автобуста белгисиз жаран менен аялдын ортосунда жаңжал чыгып, анда аялга дене жаракаты келтирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул фактыны текшерүүдө 34 жаштагы А.О. милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.