Биз социалдык тармакта

Ноокендеги сел 460 короону жана 76 үйдү каптады

Кечээ, 13-июлга караган түнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Өзгөчө кырдаал болжол менен саат 02:00 чамасында катталган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, сел 466 короону каптап, 76 турак үйгө, 3 жер төлөгө, бала бакчага жана мечитке суу кирген. Мындан тышкары, 4 коомдук тамактануу жай, 5 автосервис жана 2 унаа жуучу жайга да зыян келтирилген.

Учурда кырсык болгон жерде ыкчам штаб иш алып барууда.

Тийиштүү кызматтарга селдин кесепеттерин мүмкүн болушунча тез арада жоюу, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана келтирилген чыгымдын көлөмүн тактоо тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан