Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында жайгашкан эс алуу жайында 32 жаштагы жаран көлгө чөгүп каза тапты. Маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, окуя кечээ, 13-июлда болгон. Маркум көлгө кечинде түшкөн. Аны ошол учурда эс алып жүргөн жарандар суудан чыгарып, райондук ооруканага жеткиришкен. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тилекке каршы, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда аталган факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.