Биз социалдык тармакта

Шайырбек Ташиевдин СИЗОдогу камак мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевдин СИЗОдогу камак мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту билдирди.

Маалыматка ылайык, сот 13-июлдагы токтому менен ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Шайырбек Ташиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бөгөт чарасы катары камакта кармоо мөөнөтү тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы 16-сентябрга чейин узартылды.

Эске салсак, Шайырбек Ташиев үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде "Кыргызнефтегаз" ААКсындагы коррупциялык схема боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында кармалган.

ИИМдин маалыматына ылайык, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан