Кечээ, 13-июлда Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалымата ылайык, ал 12-июль күнү Алга айылындагы үйүнөн атасынын унаасын айдап чыгып кеткен. Анын сөөгү Таш-Булак жайлоосунда асынган абалда табылган.
Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын бардык жагдайларын текшерүү иштери жүрүүдө.