Жалал-Абад облусунун милициясынан маалымдашкандай, Манас шаарында орун алган массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган К.Н. жана 2004-жылы туулган Б.Ч. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.