Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, 30 жаштагы жаран Грузиядан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2019-жылы жакын адамы менен бирге Көлбаевдин атынан Чаткал жана Ала-Бука райондорунда тоо-кен өнөр жайын көзөмөлдөп турган. Ошондой эле шектүү жергиликтүү тургундардан опузалап акча алып турган.
Фыкт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү эл аралык издөөгө алынган. Ал колго түшүп, өлкөгө алынып келинди.