Биз социалдык тармакта

Эң улуусу Адылбек Касымалиев. Өкмөт мүчөлөрү канча жашта? 

Министрлер кабинетинде эмгектенгендердин эң улуусу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев болуп саналат. Ал 66 жашта. Ысык-Көлдүн Түп районунан болот. Ал эми эң кичүүсү курулуш министри Нурдан Орунтаев. Ал 38 жашта. Орунтаев Нарындын Кочкор районунан.

  • министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, 44 жашта (Чүй району)
  • министрлер кабинетинин орун басары Улан Маматканов, 44 жашта (Оштун Кара-Суу району)
  • айыл чарба министри Эрлист Акунбеков, 43 жашта (Ош шаары)
  • агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, 61 жашта (Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз району)
  • юстиция министри Аяз Баетов, 41 жашта (Бишкек шаары)
  • коргоо министри Руслан Мукамбетов, 55 жашта (Бишкек шаары)
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, 63 жашта. (Ысык-Көл району)
  • финансы министри Руслан Суйналиев, 51 жашта (Чүйдүн Ысык-Ата району)
  • экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, 48 жашта (Бишкек шаары)
  • ички иштер министри Улан Ниязбеков, 50 жашта (Таластын Айтматов району)
  • транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев, 44 жашта (Нарындын Жумгал району)
  • өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, 42 жашта (Чүйдүн Кара-Балта шаары)
  • энергетика министри Алтынбек Рысбеков, 48 жашта (Жалал-Абаддын Ала-Бука району)
  • эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, 46 жашта (Бишкек шаары)
  • илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, 43 жашта (Бишкек шаары)
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, 39 жашта (Ысык-Көлдүн Ак-Суу району)
  • саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, 44 жашта (Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаары)
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, 45 жашта (Ысык-Көлдүн Каркол шаары)
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев, 48 жашта (Ысык-Көлдүн Тоң району)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан