Биз социалдык тармакта

Виктория Мозгачева агартуу министринин орун басары болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Виктория Мозгачева министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечими менен агартуу министринин орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматты Министрлер кабинетинен тастыкташты.

Виктория Мозгачева 1986-жылдын 22-мартында туулган. Ал И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "инженер-экономист, экономикадагы маалыматтык системалар жана технологиялар" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2006-жылы "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасында инженер болуп баштаган. Кийин аталган ишканада инженер-экономист, пландоо-экономикалык бөлүмдүн башчысы, директордун орун басары жана директор кызматтарын аркалаган.

2020-жылы Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалса, 2021-жылдан бери Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеп келген. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда ээлеген кызматынан бошотулган.

Ага чейин Мозгачевага балдар күнүндөгү мүчүлүштүккө байланыштуу катуу сөгүш берилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан