Биз социалдык тармакта

Жумгалда медицина кызматкерине кол салган жаран камакка алынды

Жумгал районунда медицина кызматкерине кол салууга шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 27-июнда болгон. Шектүү Жумгал райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүндө кызматтык милдетин аткарып жаткан медицина кызматкерине күч колдонгон.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтирилгени аныкталган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан