Биз социалдык тармакта

Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад альтернативдик жолунда сел жүрдү

Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 360-368-чакырым аралыгындагы үч тилкеде саат 19:50 чамасында кум-шагыл аралаш сел жүрүп, унаа кыймылы убактылуу токтотулган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда сел сууларынын агымы азайып, жолдун бир тарабы аркылуу унаалардын өтүүсүнө уруксат берилди.

Окуя болгон жерге №31 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, жолдун жүрүүчү бөлүгүн кум-шагылдан тазалоо иштери жүрүүдө.

Тиешелүү кызматтар жолду толук ачуу жана коопсуз кыймылды камсыздоо боюнча иштерди улантып жатышат. Айдоочуларга бул тилкеде этият болуп, убактылуу киргизилген чектөөлөрдү сактоо сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан