Айлык маянанын ставкасын мыйзамсыз көтөргөн Жалал-Абад облустук медициналык колледждин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан аталган аймактагы медициналык колледждин жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук колледжинде иштегендерге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык документтерди өзгөртүү” беренелери менен айып тагылууда. 

Алар 2011-жылдан 2013-жылга чейин жетекчиликте иштегендердин ставкасын мыйзамсыз көтөрүп, жалпысынан кошумча 907 357 сомго ээлик кылышкан. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maksatbekova
2014-01-31 20:56:23
Кайсы мед.колледж? ал жакта 2 мед.колледж бар да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан