Нарын облусунун Кочкор районундагы Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунда Toyota Prado жана Volkswagen Crafter үлгүсүндөгү унаалар катуу сүзүштү.Кырсыктан Toyota Prado унаасынын 66 жаштагы айдоочусу оор жаракат алып, ооруканада эсине келбей каза болду.
Учурда жол кырсыгынын себептери милиция тарабынан иликтенип жатат.