УКМК Манас шаарындагы Эл аралык университетте коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, айрым окутуучулар жана окуу жайдын проректору студенттерден жакшы баа коюу, сынак жана экзамендерге киргизүү, ошондой эле окуу процессине байланыштуу башка маселелерди чечүү үчүн мыйзамсыз түрдө акча чогултуп келишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө университеттин проректору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланууда.