Блогер Айгерим Ибрагимова, көпчүлүккө Айкоша деген ат менен белгилүү, жолдошуна унаа белек кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап билдирди.
Айтымында, жолдошу аны ар дайым колдоп, алдыга умтулууга дем берип келет. Блогер ушундай камкордугу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, көптөн бери чогултуп жүргөн акчасына унаа сатып берип жатканын айтты.
Жарыяланган видео кыска убакытта эле социалдык тармактарда кеңири тарап, колдонуучулар түгөйлөрдүн бири-бирине көрсөткөн сый-урматын жана колдоосун жогору баалап, жылуу пикирлерин калтырышууда.