Биз социалдык тармакта

Өзгөндөгү жол кырсыгынан жубайлар каза табышты

Бишкек-Ош жолунда, Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынын тушунда ири жол кырсыгы катталды. Маалыматты Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Билдиргендей, Matiz үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып Honda Fit унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада Matiz унаасынын 52 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми анын 50 жаштагы аялы оор жараткат алып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ал да каза тапты.

Ошондой эле 2 жүргүнчү жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан