Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинде тротуар менен жүргөн, Кытай мамлекеттик номуру тагылган жол тандабастын айдоочусуна 5500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тараган видеодон кийин айдоочу аныкталып, анын чет өлкөнүн жараны экени белгилүү болду.