Базар-Коргон шаарында унаа уурдап качууга шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, ал 14-июлда 24 жаштагы жарандын Matiz үлгүсүндөгү унаасын анын үйүнүн алдынан айдап кеткен.