Кыргызстандын белгилүү ырчысы Нур Чолпон менен казакстандык дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы Димаш Кудайберген чыгармачылык долбоордун алкагында өзгөчө белектерди алмашышты.
Нур Чолпон Димашка кыргыз элинин улуу баатыры Манастын портретин тартуулап, «Манас» төш белгисин тапшырды. Бул сыйлык кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандарга берилет.
Өз кезегинде Димаш Кудайберген Нур Чолпонго казак элинин улуттук музыкалык аспабы – домбраны жана улуттук жасалгаларды белек кылды.