Бүгүн, 30-январда Бишкекте “Таймаш” спорт федерациясынын журналисттер менен жолугушуусу өтүп жатат. Ага “Аккелте” спорт федерациясынын президенти Актан Ажымамбетов, “Аккелте” спорт мектебинин директору Болотбек Дубанаев жана “Тайтебиш” спорт мектебинин негиздөөчүсү аткаруучу директору Кубанычбек Тезекбаев катышууда.
“Биз мамлекеттеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз. Улуттук оюндарды жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу үчүн "Тайтебиш" жана "Камбартеп" улуттук спорт мектептерин бириктирдик. Андан тышкары "Аккелте" улуттук спорт федерациясын түздүк. Биз ар бир кыргыз уулу ат жөнүндө, ат оюндары жөнүндө билсе деген максатта иш алып баруудабыз”,- деди өз сөзүндө Актан Ажымамбетов.