Биз социалдык тармакта

Бишкекте 21 жаштагы жигит синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелүүдө

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды жашыруун жайларга калтыруу жолу менен сатууга шектелген жаран кармалды.

Шаардык милиция билдиргендей, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Биринчи Май районунда баңгизат саткан адам тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2005-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалды.

Аны кароо учурунда кара түстөгү сумкасынан өзгөчө жыты бар 19 таңгак табылды. Ошондой эле шектүүнүн көрсөтмөсү менен дагы 5 жашыруун жай аныкталып, тиешелүү заттар алынды.

Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан