Биз социалдык тармакта

"Спецназ" алдамчылыкка шектелген жаранды кармады

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 43 жаштагы жаран "спецназ" тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 12 миң долларлык Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны сатып берүүнү шылтоолоп, чала таанышын сызга отургузган. Шектүү унааны күрөө катары ломбарддардын бирине өткөрүп берип салган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат. Учурда тергөө иштери уланууда.
Спецназдар алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан