Жашы жете элек баланы тапанча менен коркутуп, кымбат баалуу телефонун тартып алган кылмышка шектүү кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 45 жаштагы С.Марат кайрылган. Анын айтымында, жашы 20-25тер чамасындагы белгисиз адам баласын тапанча менен коркутуп 17 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектелип 20 жаштагы Адилет кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.