Бишкектин Ала-Тоо аянтында Дүйнө чемпиондугунун финалын көрүү үчүн LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
19-июлдагы түз эфир башталганга чейин шаар тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалган.
Сахнада Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлер өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле интерактивдүү аянтчалар, кызыктуу сынактар жана фуд-корт уюштурулат.
Иш-чара саат 21:00дө башталат.