Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 17-июлда саат 03:00 чамасында Ош шаарында 1997-жылы туулган жаран бычактан жаракат алып, окуя болгон жерден каза болду. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу жаранды аныктап, саат 04:10 чамасында кармашты.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.