Биз социалдык тармакта

Бишкекте 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)

Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Интернет желесине каргашалуу окуянын видеосу тарап жатат.

Күбөлөр билдиргендей, BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсыкка чейин жолдо кооптуу маневрлерди жасап бара жаткан.

Натыйжада бир нече унаа кагышып, окуядан коомдук транспорттон жаңы эле түшкөн эки кыз жабыркаган. Алардын бири бутунан жаракат алса, экинчи кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайларын тиешелүү органдар тактап жатышат.

Бишкекте 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан