Биз социалдык тармакта

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жигит изделүүдө

Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы жигитти издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 19-июль күнү достору менен бирге Чоң Чүй каналына түшүүгө барып, сууга секирген боюнча дайынсыз жоголгон. Окуя Ивановка айылында болгон.

Жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан