Белгилүү ырчы, дастанчы жана комузчу Алтынбек Каленов каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактардан билдиришүүдө.
Каленовдун жаназасы эртең, 21-июлда өзү туулуп-өскөн Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында саат 10:00дө болору белгилүү болду.
Белгилей кетсек, ырчы 26-ноябрда 43 жашка толмок.
SUPER.KG порталы Алтынбек Каленовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.