Биз социалдык тармакта

Ламин Ямаль жаш курагына карабай тарыхый жетишкендикке жетти

Испания курамасынын жаш жылдызы Ламин Ямаль футбол тарыхында өзгөчө жетишкендикке жетти. Ал 19 жашка чыга электе Европа чемпиондугун жана Дүйнө биринчилигин жеңген биринчи футболчу болуп калды.

Ламин Ямаль футбол боюнча быйылкы Дүйнө чемпиондугунда Испания курамасынын бардык сегиз беттешине катышып, бир гол киргизди. Финалдык оюнда испаниялыктар Аргентина курамасын кошумча убакытта 1:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болушту.

Мындан тышкары, Ямаль 2024-жылы Германияда өткөн Европа чемпиондугунда да бардык жети оюнда талаага чыгып, бир гол жана төрт жолу гол киргизүү үчүн топ чыгарып берген. Алардын бири финалдык беттеште жеңиш алып келген голдук пас болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан