Кыргызстандын аймагында 21-июлдан 25-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу жаралышы мүмкүн.
Тиешелүү кызматтар кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, жарандарды сак болууга чакырат.