Биз социалдык тармакта

Чүй каналына түшүп кеткен 22 жаштагы жигитти издөөгө 65 жаран тартылды (видео)

Кечээ, 19-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын четиндеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 2004-жылы туулган Ю.А. аттуу жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Кант шаарынан, Ысык-Ата районунан биригип 15 куткаруучу тартылды. Мындан тышкары, аларга ИИМдин 10 кызматкери жана 40га чукул ыктыярчы жарандар жеринде жардам көрсөтүшүүдө.

ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы Боскунчиев издөө иштерин жеринде көзөмөлдөп жатканыдыгы кошумчаланды.

Чүй каналына түшүп кеткен 22 жаштагы жаранды издөөгө 65 адам тартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан