Манас шаарында жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, жактоочу айыпталуучунун жубайынан маселени оң жагына чечип берем деп 6 миң доллар талап кылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жыйынтыгында жактоочу Ж.А. талап кылган акчанын 4 миң долларын алып жаткан учурда кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.