Биз социалдык тармакта

Скалони Аргентинанын курама командасынан кетерин айтты

Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони 2026-жылдын декабрынан кийин кызматтан кетиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Ataque Futbolero порталы жазды.

Декабрга чейин келишим боюнча өз милдетимди аткара берем. Андан кийин федерациянын жетекчиси менен сүйлөшөм. Бул - ар бир аргентиналык кыялданган кызмат, курама команданы машыктырганым менен сыймыктанам. Бирок декабрдан кийин улантуу оңой болбойт. Кыязы, кызматтан кетем”,- деди Скалони.

48 жаштагы адис Аргентинанын курама командасын 2018-жылдан бери жетектеп келет. Анын жетекчилиги алдында команда 2022-жылы дүйнө чемпиону аталып, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда финалга чейин жетип, анда Испанияга утулду.

Ошондой эле Скалонинин башкаруусунда Аргентина эки жолу Америка Кубогун (2021, 2024) жеңип, 2022-жылы Финалиссиманын да чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан