Бүгүн, 30-январда журналисттер менен жолугушуу учурунда “Тайтебиш” улуттук спорт мектебинин негиздөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев КРнын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчилери алардын эмгекти уурдап, талашып жатканын билдирди.
“Биз Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен жардам алган жокпуз жана алардын жардамына да муктаж эмеспиз. Биздин федерацияны элге күлгөн кишилер колдоп жатышат. Биз балдарды окутуп, үйрөтүп жатабыз. Алардын ата-энелери да бизди колдоп жатышат. Биздин алдыбызда көп пландарыбыз бар. Алардын ичинде Эл аралык федерация түзүү, спорт аркылуу мамлекеттик маселелерди чечүү тууралуу ойлонуп жатабыз” деп билдирди Кубанычбек мырза.
Маалыматка ылайык, бул федерациянын өкүлдөрү Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору менен тыгыз байланышта эмес жана “Тайтебиш”, “Аккелте” спорт түрлөрүнүн жакында уюшула турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эл назарына коюлуп-коюлбасы да чечиле элек.
Кубанычбек Тезекбаев КРнын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору менен байланыштын жоктугу тууралуу суроого төмөнкүчө жооп кайтарды: “Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору биздин демилгебиз менен түзүлгөн. Бул борбор түзүлгөндөн кийин биздин эмгекти талашып башташты. Ошол кезде аталган борбордун директору Алмаз Касенов жумушсуз калган. Ошондон пайдаланып, директорлук кызматка барган жана азыр бизди такыр жолотпойт. Биз менен сүйлөшүүгө барбайт”.