Нарын облусунун Кочкор районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан дүкөндөн ири өрт чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт Сагымбай Орозбаков көчөсүндөгү соода жайында катталган. Интернетке тараган видеодон тургундар дүкөндүн ичиндеги товарларды сыртка алып чыгып, жардам берип жатканын көрүүгө болот.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жерине эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, учурда тилсиз жоону ооздуктоо иштери жүрүп жатат.