Социалдык тармактар аркылуу каннабис өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияны жарнамалоо жана сатуу менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
ИИМден маалымдашкандай, Суусамыр өрөөнүндөгү Туура-Суу айылында өтүүчү фестивалда каннабис өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияны жарнамалоо жана сатуу тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери бул продукциянын үлгүлөрүн алып, соттук-химиялык экспертизага жөнөткөн. Жыйынтыгында эки таңгактын курамынан марихуана баңгизаты табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган А.К., 1991-жылы туулган А.А. жана 1988-жылы туулган А.А. аттуу жарандык активисттер кармалган. Кармалган жарандардын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, каннабис майы баңгизатын камтыган эки бөтөлкө зат, 4 грамм марихуана, 1 килограмм 860 грамм болгон каннабис өсүмдүгүнүн уруктары табылган. Ошондой эле "М" дүкөнүнөн курамында каннабис өсүмдүгүн камтыган чай, ун, май, спрей жана витамин капсулалары табылган.
Учурда кошумча тергөө иштери уланууда.