Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо долбоорун улантууда.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жыл башынан бери өлкө боюнча 127 долбоор ишке ашырылып, ага 3643 аз камсыз болгон үй-бүлө катышты. Долбоордун алкагында муктаж үй-бүлөлөргө 1151 тоннадан ашык ун жана өсүмдүк майы түрүндөгү азык-түлүк жардамдары таратылды.
Мындан тышкары, 36 долбоордун алкагында 1320 үй-бүлөгө коомдук пайдалуу иштерге жана окутууга катышканы үчүн жалпысынан 19,1 миллион сом өлчөмүндө акчалай колдоо көрсөтүлдү.