Бишкекте 82 миң 550 доллары өлчөмүндөгү криптовалюта алдамчылыгына шектелген жаран кармалды.
Милициянын маалыматына ылайык, ал жабырлануучунун USDT түрүндөгү каражатын долларга алмаштыруу шылтоосу менен ээлеп алган.
Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1983-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.